- Башкы бет
- Илим жана дарылоо иштери
- Жалпы маалымат
- Неuизги илимий багыттар
БАЭМУнун илимий багыты:
* Медициналык туризмдин элементтерин пайдалануу менен Борбордук Азияда социалдык-маанилүү ооруларды диагностикалоого, дарылоого, фармакотерапияга оптималдуу мамилени иштеп чыгуу.
БАЭМУнун илимий темасы:
Борбор Азия жашоочуларында оорулардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү факторлордун таасирин изилдөө, медициналык туризмдин элементтерин колдонуу менен диагностикалоонун, дарылоонун, алдын алуунун жана реабилитациялоонун заманбап инновациялык методдорун иштеп чыгуу.
Фармация кафедрасы
Кафедранын илимий темасы: “Жаны заттарды синтездөө, биологиялык активдүү кошулмаларды, косметикалык продукцияларды иштеп чыгуу”
Кафедранын илимий багыттары:
1. “Эндемикалык богоктун алдын алуу”;
2. Жергиликтүү дары өсүмдүктөрдүн негизинде “Фито-чай”, “Табийгый бал”, “Табийгый самындарды” иштеп чыгуу;
Табигый гуманитардык кафедрасы
Кафедранын илимий темасы: Табигый-гуманитардык дисциплиналардын программаларын окутуу менен Борбордук жана түштүк-чыгыш Азия калкынын ден-соолугун жакшыртууда интеллектуалдык потенциалы жогору медициналык кадрларды даярдоо.
Кафедранын илимий багыты: Студенттерди инсанга багыт берүү жолу менен окутуп, жогорку денгээлдеги билим берүүдө профессионалдык программаларды иш жүзүнө ашыруу аркылуу коомдук маданий-билим алуу талаптарын камсыздоо.
Клиникалык дисциплиналар кафедрасы:
Кафедранын илимий темасы: Жалал-Абад областындагы инфекциалык эмес ооруларды алдын алуу жана жашоонун сергек мүнөзунүн калыптанышы
Кафедранын илимий багыты:
Жалал-Абад областындагы кант диабетинин таркалышын изилдөө
Үй бүлөлүк медицина жана клиникалык дисциплиналар кафедрасы
Кафедранын илимий темасы: “Түштүк аймактагы жашоочулардын репродуктивдүү саламаттыгы. Үй бүлөнү пландаштыруу.
Түштүк тармагында репродуктивдик денсоолукка зиян келтирген факторлоду изилдөө, аныктоо.
Кафедранын илимий багыты: ден соолукка терс таасирин тийгизүүчүү факторлордуу изилдөө, зындын. Тобокелчиликтердиналдын алуу.