2 года назад

113

БАЭМУнун студенттери эл аралык олимпиадада

            15-16-декабрда СамММУда Самарканд-2020, IV эл аралык медициналык жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында олимпиада эң жогорку денгээлде болуп өттү.

Олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 84 медициналык ЖОЖдордон 670 студент офлайн, 4141 студент онлайн форматта катышты. Күчтүүлөр жеңишке ээ болушту. БАЭМУнун "Фармация" адистигинин 3-курсунун студенти Ирисова Айдана Бахтыяровна "Медициналык химия" предмети боюнча 2-орунду, ушул эле предметтен "Дарылоо иши" адистигинин 2-курсунун студенти  Anand Aprajita 3-орунду, "Жалпы жана клиникалык биологиялык химия" предмети боюнча 4-курстун студенти Muhammad Shoib Razzag 3-орунду алышты. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн  күнү-түнү талыкпай даярдаган окутуучуларды куттуктаймын! Олимпиадага катышуу үчүн баардык шарттарды түзүп берген БАЭМУнун президенти Жаныбай Токоевичке жана  жетекчиликке терең ыраазычылык билдиремин! БАЭМУ Алга!!!

  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 21787
  • 121212
  • 415215329_1553409092100434_718973857700552752_n
  • WhatsApp Image 2024-01-11 at 11.34.48
  • WhatsApp Image 2024-01-11 at 11.35.38
  • WhatsApp Image 2024-01-11 at 11.35.39 (1)
  • WhatsApp Image 2024-01-11 at 11.35.39

Обсуждение (2)

Калыкова Гулзада Сатывалдыевна

Азаматтар ийгиликтер көөп болсун. Студенттердин аракеттери текке кетпеди.

Садырова Нургуль Адылгазиевна

Молодцы. Поздравляю, с победой!