1 год назад
284
Канча тил билсең, ошончо дил билесиң!
21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” аталышындагы Табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы уюштурган Билерман окутуучу интеллектуалдык таймаш профессордук-окутуучулар курамы арасында өткөрүлдү. Анда кызыктуу блиц суроолор, топтордо тилди даңазалаган команданын презентациялары жана ар кайсыл тилдерде көркөм окуу болду.

Жыйынтыгында таймашта жеңген командаларга: I даражадагы диплом Фармация жана жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасы, II даражадагы диплом Клиникалык дисциплиналар кафедрасы, III даражадагы диплом Үй-бүлөлүк медицина жана клиникалык дисциплиналар кафедрасы жана активдүү катышкандыгы үчүн Табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасына Алкыш жарыяланды.
Орусча да монголчо да, сүйлөй бил,
Жер жүзүндө жок бир дагы өгөй тил
Ошондо да ширетейин дилиңе:
Шек келтирбе менин эне тилиме!
Кыргыз тили - кубат күчүм, жөлөгүм,
Ата болуп, үйрөткөн жашоо өнөрүн.
Жаным бирдей, каным бирдей көрөмүн
Ал өлгөндө, мен да кошо өлөмүн.
Обсуждение (1)
