1 год назад
148
БАЭМУнун студенттери "Самарканд-2020" V Эл аралык олимпиадада
Самарканд мамлекеттик медициналык университетинде 13-14-декабрда өткөн "Самарканд-2020" аталыштагы медициналык жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында V Эл аралык олимпиадага БАЭМУнун "Фармация" адистигинин 10 студенттен турган командасы да активдүү катышып, 3-курстун студенти Джеенбаева Диера Абдисаматовна Медициналык химия дисциплинасынан II орунду ээледи. Жетекчиси б.и.к., доцент Орозбаева Ж.М., улук окутуучу Калыкова Г.С .
Калган 9 студентибиз биоэтика, фармакология, медициналык биология, анатомия, физиология, микробиология, фармация, биохимия дисциплиналарынан ар кандай номинациялар боюнча дипломдорго ээ болушту.
Олимпиадага 40 морфологиялык жана клиникалык дисциплиналар боюнча 4600 студент, 153 медициналык окуу жайлардан, 10дон ашык алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөн студенттер катышышты. Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын ичинен КММА, ОшМУ, КРСУ, БАЭМУ катышышты.
Обсуждение
Оставь комментарии первым.