1 день назад

42

2025-жылдын 17–19-апрель күндөрү Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө жайгашкан Сох районунда “Сох – Үчүнчү Ренессанс доорунда” деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бир катар алдыңкы илимпоздору катышып, ар түрдүү тармактагы актуалдуу темалар боюнча баяндамалар жасалды.

Жогорку деңгээлдеги конференцияга биздин университеттин атынан тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбекова Венера Эркинбековна “Тажик жана кыргыз элдеринин аза күтүү ырларынын жанрдык окшоштуктары (М.С. Андреевдин «Хуф өрөөнүнүн тажиктери» китебинин мисалында)"аттуу илимий баяндама менен катышып, этнографиялык жана фольклордук жанрдагы изилдөөлөрдүн маанисин баса белгиледи. Өз баянында тажик жана кыргыз элдеринин аза күтүү ырларындагы жанрдык окшоштуктарды салыштыруу аркылуу, бул эки элдин маданияттык өз ара байланышын жана тилектештик традицияларын терең анализ кылып берди. Анын баяндамасы илимий чөйрөдө чоң кызыгуу жаратып, жогорку баага ээ болду.

Бул иш-чара университетибиздин илимий кызматкерлеринин эл аралык аренадагы тажрыйбасын кеңейтүүгө жана маданий мурасты сактоо жаатындагы изилдөөлөрдү тереңдетүүгө чоң салым кошту.

  • WhatsApp Image 2025-04-22 at 09.31.19
  • WhatsApp Image 2025-04-22 at 09.32.37
  • WhatsApp Image 2025-04-22 at 09.32.59
  • Анарбекова Сертификат 18 апреля

Обсуждение

Оставь комментарии первым.