17 часов назад

19

10-ноябрь 2023 жылы БАЭМУнун Фармация кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн  “Витаминдердин организмдеги ролу”  аталыштагы студенттик  илимий-практикалык конференциясы жөнүндө маалымат

Борбор Азия эл аралык медициналык университетинде 10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк илим  күнүнө карата “Витаминдердин организмдеги ролу”  аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция окуу жайдын ректору Талантбек Канатбекович Нарымбетов, президенти Жаныбай Токоевич Арынбаевдин куттуктоо создору менен ачылып, профессордук-окутуучулук курамга сыйлыктар тапшырылды.  Конференцияда “Фармация” адистигинде билим алып жаткан 3-курстун, "Дарылоо иши" адистигинен  4-курстун студенттеринин  “Фито-фармацевт” илимий ийриминдеги жергиликтүү дары өсүмдүктөрдүн курамындагы витаминдерди аныктоо боюнча илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы тууралуу кызыктуу  баяндамалар окулду жана фито чайлар көргөзмөсү жогорку деңгээлде уюштурулду.  Иш-чарага Жалал-Абаддагы фармкомпаниялардын жетекчилери да катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Конференциянын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге дипломдор тапшырылды.

Модератор Фармация кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Ж.М.Орозбаева конференцияны баштоо учурунда 
Модератор Фармация кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Ж.М.Орозбаева конференцияны баштоо учурунда 
БАЭМУнун президенти э.и.д., профессор Арынбаев Ж.Т. , ректору ф.-м.и.к., профессор Нарымбетов Т.К. студенттик конферпенцияны ачылыш созу учурунда 
БАЭМУнун президенти э.и.д., профессор Арынбаев Ж.Т. , ректору ф.-м.и.к., профессор Нарымбетов Т.К. студенттик конферпенцияны ачылыш созу учурунда 
ФАРМв-2-23 тайпасынын студенти Касинбекова Э. баяндама окуп жаткан учуру 
ФАРМв-2-23 тайпасынын студенти Касинбекова Э. баяндама окуп жаткан учуру 
ФАРМв-1-23 тайпасынын студенти Тоактоназарова Заринага.  I даражадагы диплом тапшыруу учурунда 
ФАРМв-1-23 тайпасынын студенти Тоактоназарова Заринага.  I даражадагы диплом тапшыруу учурунда 
"Фитофармацевт" студенттик илимий ийриминин  фито чайларды даярдоо учуру 
"Фитофармацевт" студенттик илимий ийриминин  фито чайларды даярдоо учуру 

Обсуждение

Оставь комментарии первым.